УКМК: Сузакта улуттар аралык кастыкты козутууга аракет кылгандар кармалды. Видео

УКМК улуттар аралык чыр-чатактын уюштуруучуларына жана активдүү катышуучуларына мыйзам чегинде эң катаал чаралар көрүлөрүн эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак районундагы "Бек-Абад" өткөрүү пунктунун жанында мыйзамсыз акча алмаштыргандар ортосунда массалык мушташ чыгып, анын айрым катышуучулары кармалганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, улуттар аралык кастыкты козутууга өтүп бара жаткан окуяны видеого тарткан УКМК кызматкерлерин жаңжалдын катышуучулары коркутуп-үркүткөн.
Атайын кызматтын Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгы улуттар аралык чыр-чатактын чыгышына жол бербөө жана аны уюштуруучулардын кылмыштуу аракеттерин документтештирүү максатында аларды тергөөгө чакырган.
"Бирок чакыртылгандардын бири тергөөгө баруудан баш тарткан. Аны алып кетүүгө барган УКМК кызматкерлерин туугандары ур-токмокко алып, кызматтык унаасына таш ыргыткан", — деп айтылат кабарда.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренесине ("Бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү") ылайык иш козголуп, эки киши Жалал-Абад башкы башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кошумчаланды.
УКМК улуттар аралык чыр-чатактын уюштуруучуларына жана активдүү катышуучуларына мыйзам чегинде эң катаал чаралар көрүлөрүн эскертти.
УКМК соцтармакта улут аралык кастыкты козуткан жаранды кармады