Ысык-Көлдө милиция браконьерлерден жабыркаган тоо текени сактап калды. Сүрөт

Туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери жарандарды жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоого чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Ысык-Көлдө туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери жаракат алган тоо текени аман алып калышканын Ысык-Көл ИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Ысык-Көлдө туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери жаракат алган тоо текени аман алып калышты

2 / 2

Билдирмеге караганда, жаракат алган тоо текени туристтик-экологиялык милиционерлер убагында таап, медициналык жардам көрсөтүү үчүн дароо чара көрүшкөн

Билдирмеге караганда, жаракат алган тоо текени туристтик-экологиялык милиционерлер убагында таап, медициналык жардам көрсөтүү үчүн дароо чара көрүшкөн.
"Тоо эчкисине медициналык биринчи жардам көрсөтүлүп, калыбына келтирилгенден соң "Германия жаратылышты коргоо союзу (NABU)" коомдук бирикмесине өткөрүп берилди. Бул окуя электрондук журналга катталып, браконьерлерди аныктоо боюнча ыкчам тергөө иштери жүрүүдө", — деп жазылат кабарда.
Туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери жарандарды жаратылышты жана жаратылыш ресурстарын коргоо мыйзамдарын сактоого чакырды.
Кеминдеги ак илбирс, карышкыр. Жапайы жаныбарлардын сүрөт, видеолору