Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды

Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министри Субраманиям Жайшанкарды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министри Субраманиям Жайшанкарды кабыл алды

2 / 3

Жолугушууда кыргыз-индия мамилелерин өнүктүрүү тууралуу кеп болду

3 / 3

Жапаров Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да тереңдетүүгө даяр экенин айтты

Жолугушууда кыргыз-индия мамилелерин өнүктүрүү тууралуу кеп болду. Жапаров Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да тереңдетүүгө даяр экенин айтты.
“Президент соода-экономикалык кызматташтык — мамилелерди өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткычы экенине көңүлдү буруп, акыркы жылдарда эки тараптуу сооданын өсүшүн канааттануу менен белгилей кетти”, — деп айтылат маалыматта.
Өз кезегинде Индиянын тышкы саясат мекемесинин башчысы Индия эки элдин жыргалчылыгы үчүн Кыргызстан менен кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана мамилелерди тереңдетүүгө даяр экендигин белгиледи.
Эске салсак, Субраманиям Жайшанкар Кыргызстанга эртең өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келген.
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди. Сүрөт