Бишкекте "Расул Гамзатовдун булактары" аттуу концерт өттү. Видео

Бишкекте Расул Гамзатовдун булактары аттуу концерт өттү
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Бишкекте "Расул Гамзатовдун булактары" аттуу концерт өттү.
Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында тартууланды. Ага акындын чыгармачылыгын сүйгөн жүздөгөн адам келди. Көрүүчүлөргө "Лезгинка" бий ансамбли, "Дагестан" вокалдык тобунун солисттери жана Дагестандын опера жана балет театрынын артисттери өнөрлөрүн тартуулашты.
Филармониянын фойесинде Гамзатовдун чыгармачылыгы, жашоосу тууралуу архивдик документтердин жана Дагестан элинин кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсү болду.
Бишкектеги китепканада белгилүү акын Расул Гамзатовдун бюсту коюлду
Бишкектеги китепканага белгилүү акын Расул Гамзатовдун бюсту коюлду. Сүрөт