Путин стратегиялык өзөктүк күчтөрдүн машыгуусун өткөрдү

Баллистикалык жана канаттуу ракеталар, анын ичинде атомдук ракеталык суу астында жүрүүчү крейсерлер учурулду.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путиндин жетекчилиги астында өзөктүк күчтөрдүн кургактагы, деңиздеги жана абадагы күчтөрү, каражаттары менен машыгуу өткөнүн Кремль билдирди.
Анын жүрүшүндө баллистикалык жана канаттуу ракеталар учурулду.
“Ярс” континенттер аралык баллистикалык ракетасы Камчаткадагы “Кура” полигонундагы Плесецк мамлекеттик сыноо космодромунан учурулду. “Синева” баллистикалык ракетасы Баренц деңизинен стратегиялык ядролук ракеталык суу астында жүрүүчү “Тула” крейсеринен учурулган. Ошондой эле машыгууга канаттуу ракеталарды учурган, алыскы аралыкка учуучу Ту-95МС учактары да катышты. Практикалык учуруулар Россия Федерациясынын Улуттук коргонууну башкаруу борбору тарабынан башкарылды.
“Иш-чаранын жүрүшүндө аскердик башкаруу органдарынын даярдыгынын деңгээли, аскерлерди (күчтөрдү) башкарууну уюштурган жетекчиликтин жана ыкчам курамдын иш көндүмдөрү текшерилип, окууда белгиленген тапшырмалар толугу менен аткарылды”, — деп айтылат маалыматта.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Шойгу: Россия Украинанын 24 учагын беш күндө атып түшүргөн техниканы колдонууда