Мигранттар арасында кылмыштуулук өсүүдө. РФ ИИМинин жетекчиси тапшырма берди

Жакында Россияда РФ жарандыгынан кол жуудура турган кылмыштардын тизмеси кеңейген федералдык мыйзам күчүнө кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Россиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев мыйзамсыз миграцияга каршы туруу жана чет өлкөлүктөрдүн мыйзам бузуусуна бөгөт коюу маселелери боюнча ИИМ коллегиясынын жыйынын өткөргөнүн ведомствонун расмий өкүлү Ирина Волк билдирди.
Россиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев
Колокольцевдин айтымында, жакында РФ жарандыгынан кол жуудура турган кылмыштардын тизмеси кеңейген федералдык мыйзам күчүнө кирет. Ушундай эле чара жарандыкты күтүп жаткан адам улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан учурда да көрүлөт.
ИИМ башчысы акыркы эки жылдан бери мыйзамсыз миграция жана чет өлкөлүктөрдүн жасалма каттоого турган учурлары көбөйгөнүн белгиледи. Муну менен бирге ал мыйзам бузуп Россиядан чыгарылгандардын да саны өскөнүн кошумчалады. Анткен менен жүрүү мөөнөтү аяктаса да Россияда жүргөн адамдардын тизмеси кыскарган. Эгер беш жыл мурун ар бир төртүнчү мигрант аталган тизмеде болсо, азыр ар бир он үчүнчү киши кирип калган.
Колокольцев 2021-жылдан бери чет өлкөлүктөрдүн саны азайганы менен алардын кылмышка барган учурлары көбөйүп жатканына токтолду. Кылмыштуулук сапат жагынан өзгөрүп, оор кылмыштардын үлүшү өскөн.
Министрдин айтымында, мигранттар баңгизат бизнесине көп аралашып жатат.
"Бүгүн чет өлкөлүк жасаган кылмыштын ар төртүнчүсү баңгизатка байланыштуу болууда. Мындан эки жыл мурун көрсөткүч эки эсе аз болчу. Мигранттар региондор аралык баңги коомчулугун, жашыруун лабораторияларды түзгөн учурлар да кездешет", — деди ИИМ башчысы.
Мындан тышкары, башка мамлекеттен келгендер жолдордогу абалга да таасир тийгизүүдө.
"Чет өлкөлүк айдоочулардын күнөөсү менен жасалган жол кырсыктарынан жыл сайын 500дөй киши каза таап, 7 миңден ашуун адам жаракат алып жатат", — деди министр.
ИИМ жетекчиси Россияда калуунун фиктивдүү нике, орус тили боюнча жасалма экзамен тапшыруу, окууга чакыруу сыяктуу ар кандай көмүскө схемалары менен ыкмалары пайдаланылып жатканын белгиледи. Ал миграция жаатында алдын алуу чараларынын маанилүүлүгүнө токтолуп, чет өлкөлүктөр менен күн сайын комплекстүү иш алып барууну, бул үчүн бардык каражатты колдонууну тапшырды.
Россия ИИМинин башчысы профилдик бөлүктөргө чет өлкөлүктөрдүн мыйзам бузган учурларына өз убагында реакция жасап, өлкө аймагынан чыгарып кайра киргизбөөгө чейинки чараларды көрүүнү тапшырды. Мындан тышкары, Россияда мыйзамсыз жүргөндөрдүн санын кыскартуу, мигранттардын жүрүүсүн легалдаштыруу менен алектенген кылмыштуу топтордун ишине бөгөт коюу, чет жактан келгендер жашап-иштеген объектилерге жасалган рейддердин сапатын жакшыртуу милдеттендирилди. Аэропорттордо, бекет жана башка транспорт объектилеринде мыйзамдын бузулушун алдын алуу, чет элдик айдоочулардан маданияттуулукту талап кылуунун мааниси да белгиленди.
"Мыйзамсыз миграцияга жана чет өлкөлүктөрдүн арасындагы кылмыштуулукка каршы күрөшүү стратегиялык мааниге ээ", — деди министр.
Россиядагы мигрант таксисттер үчүн жаңы эрежелер: эмне өзгөрдү?