Кыргызстанда АИ-95 бензининин тартыш болуп жаткан себеби айтылды

Нефтетрейдерлер Кыргызстанга майдын бул түрү аз келип жатканын белгилешти.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Россиянын өзүндө АИ-95 үлгүсүндөгү бензин тартыш болуп жаткандыктан Кыргызстанга да аз келүүдө. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди.
Белгилей кетсек, бир топ май куюучу жайларда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин жок болуп жатканы байкалган. Себебин нефтетрейдерлер түшүндүрдү.
"АИ-95 жок болуп жатканы чын. Бул Россиянын өзүндө тартыш болуп жатканы менен байланыштуу. Заводдор сунуштаган бензин азайгандан азаюуда. Ошол себептен биздин компаниялар каалагандай көлөмдү сатып ала албай жатышат. Чоң компаниялар алгач өздөрүнүн түйүндөрүн май менен камсыз кылышат. Ири компанияларда май бар, бирок алардын айрым май куюучу жайларда үзгүлтүккө учурап калууда", — деген Эшатов.
Ал кырдаал жакшыра баштаганын айтып, Россия күйүүчү майды көбүрөөк сунуштай баштаса абал жөнгө салынарын белгилеген.
"Биздин ири компаниялар май алып жатышат, бирок өздөрүнүн түйүндөрүнөн ашпай калууда. Ошол себептен чакан жана орто компанияларда АИ-95 бензини жок болуп калып жатат", — деди ал.
Ассоциация башчысы бул көйгөй Казакстан менен транзитке байланышы жок экенин кошумчалаган.
Эскерте кетсек, Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майлардын 90 пайыздан ашыгы Россиядан алып келинет.
Бензиндин литрине бир сом кошуу сунушталды. Акча кайда жумшаларына түшүндүрмө