Бишкекте "Евразия кесипкөй мектеби" консорциуму жөнүндөгү келишимге кол коюлду

Адис экономикалык интеграция маселеси боюнча кадрларды даярдоо өтө маанилүү экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Бишкекте "Евразия кесипкөй мектеби" консорциуму жөнүндөгү келишимге кол коюлду. Бул тууралуу журналисттерге Финансылык сабаттуулукту өнүктүрүү ассоциациясынын башкы директору, Россиянын "Ачык гуманитардык институту" кеңешинин төрагасы Вениамин Каганов билдирди.
1 / 2

Бишкекте "Евразия кесипкөй мектеби" консорциуму жөнүндөгү келишимге кол коюлду

2 / 2

Бул тууралуу журналисттерге Финансылык сабаттуулукту өнүктүрүү ассоциациясынын башкы директору, Россиянын "Ачык гуманитардык институту" кеңешинин төрагасы Вениамин Каганов билдирди

Анын айтымында, документке бүгүн Кыргыз экономикалык университети, "Ачык гуманитардык институт" жана Ош мамлекеттик университетинин ортосунда өткөн "Экономикалык реалдуулуктун жаңы чакырыктары" аттуу илимий-практикалык конференцияда кол коюлду.
Каганов экономикалык интеграция маселеси боюнча кадрларды даярдоо өтө маанилүү экенин белгиледи. Кадрлар коюлган талаптарга жооп бериши керек.
"Биз бул консорциум кесипкөй билим берүү жаатындагы интеграция процесстерин өнүктүрүүнүн катализатору болот деп үмүт артабыз. Ал ЕАЭБ алкагында жумушчу кадрларды даярдоо боюнча системаны түзүү жана өнүктүрүүдө кооперациялык байланыштарды жакшыртууга стимул берет", — деди ал.
Кайсы кесиптер жөнүндө сөз болуп жатканы боюнча тактоочу суроого Каганов даярдык системасы ар бир региондун талаптарынан көз каранды экенин айтты.
"Жашоо көрсөтөт. Ким керек болсо ошону даярдайбыз", — деди ал.
Каганов бул иштерге бийлик жардам берерин, процесске бизнес дагы катышарын кошумчалады.
Кыргызстан ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү протоколун ратификациялады