Жылына 50 миң турист келген Каракол паркына үч тилде маалымат такталары илинди

Ага эл аралык стандарттарга дал келген 56 жаңы жол көрсөткүч жана белги коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Каракол жаратылыш паркында туристтер үчүн маалыматтык такталар жана жол көрсөткүчтөр орнотулду. Бул тууралуу парктын дирекциясы маалымдады.
Билдирмеге ылайык, эл аралык стандарттарга дал келген 56 жаңы жол көрсөткүч жана белги коюлган. Бул аракеттер кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү максатында швейцариялык долбоордун колдоосу менен ишке ашкан. Белгилер туристтер жүрчү негизги жолдорго кыргыз, орус, англис тилдеринде жазылып илинген.
1 / 3

Каракол жаратылыш паркында туристтер үчүн маалыматтык такталар жана жол көрсөткүчтөр орнотулду

2 / 3

Билдирмеге ылайык, эл аралык стандарттарга дал келген 56 жаңы жол көрсөткүч жана белги коюлган

3 / 3

Бул аракеттер кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү максатында швейцариялык долбоордун колдоосу менен ишке ашкан

Эскертүүчү белгилерде таш кулай турган, тик түшкөн жана кооптуу бурулуш жолдор бар экендиги камтылган. Ошондой эле парктын бардык аймагында ал жерде байырлаган жапайы жаныбарлар, Кызыл китепке кирген өсүмдүктөр тууралуу маалымат жазылган такталар илинген. Мындан тышкары, мал жаюуга тыюу салган, эс алуу жайы тууралуу белгилер, айланып өтүүчү жайлар жөнүндө такталар да бар.
Парк дирекциясы жөө жана атчандар үчүн жолдор, унаа жолдору жаңыланып жатканын кошумчалады.
Маалымат үчүн: 1997-жылы бул ажайып жер "жаратылышы өзгөчө корголгон аймак" макамын алган. 38 миң гектар жерди ээлеген паркта түрдүү дарактар, чөптөр жана гүлдөр өсөт. Ошондой эле сейрек кездешүүчү канаттуулар жана жаныбарлар байырлайт. Жыл сайын паркка 50 миңден ашуун турист келет. Ушул жылдын тогуз айында 52 миңден ашуун адам келип эс алган.
Көркүнө чыккан алтын түстүү Ала-Арча. Көз талдырган 13 сүрөт