БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңеш бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда суроо-талкуусу жок эле колдоп берди.
Спикер Нурланбек Шакиев элчилер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугуп, долбоор тууралуу түшүнүк бергенин айтты.
"Мындан чочулай турган эч нерсе жок. Өзүңүздөр АКШ, Европада ачык, так болсун деген талапты коёсуздар. Бизде да иреттүүлүк, тартип биринчи орунда. Эч кандай тыюу салуу, кысуу, басынтуу жок", — деген Шакиев.
Мындан улам төрага депутаттарга сунуштарды жазуу жүзүндө беришин айтып, дароо эле добушка койду. Натыйжада 52 "макул", 7 "каршы" добуш менен өттү.
Демилгени Надира Нарматова баштаган депутаттар көтөргөн. Алар коммерциялык эмес уюмдардан ачыктыкты, тынымсыз отчет берүүнү жана финансылык операцияларын купуя сыр кылбоону талап кылууда.
Авторлордун айтымында, бейөкмөт уюмдардын көпчүлүгү мамлекеттин саясий жашоо-турмушуна кийлигишип, акцияларды уюштуруп, өлкөнүн ырааттуу өнүгүүсүнө каршы келген чечимдерди кабыл алуу үчүн коомдук пикирди түзүүгө умтулушат.
Эгер мыйзам кабыл алынса, "чет өлкөнүн өкүлү функциясын аткарган бейөкмөт уюм" түшүнүгү киргизилет. Тагыраагы, сырттан каржыланып, саясий иштерге аралашып жүргөн коммерциялык эмес уюмдарды "чет элдик агент" деп аташат.