Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Сенат Байдендин Украина менен Израилге акча бөлүү талабын четке кагышы мүмкүн

Республикачылар Израиль менен Украинага көрсөтүлүүчү жардамды бири-бирине байлоо керекпи деген маселенин айланасында талашып-тартышып жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байдендин Украина менен Израилге колдоо көрсөтүү үчүн акча бөлүү талабын Конгресстеги республикачылардын тирешинен улам канааттандырылбай калышы мүмкүн. Бул тууралуу Politico жазды.
"Жо Байдендин улуттук коопсуздук үчүн 106 миллиард доллар бөлүү өтүнүчү аткарылбай калышы ыктымал болуп турат. Республикачылар партиясындагы пикир келишпестик сурамдын канааттандырылбай калышын же түп тамырынан бери өзгөрүшүн шартташы мүмкүн", — деп жазды басылма.
Макалада республикачылар Израиль менен Украинага көрсөтүлүүчү жардамды бири-бирине байлоо керекпи деген маселенин айланасында талашып-тартышып жатышканы белгиленген. Конгрессмендердин басымдуу бөлүгү миграциялык саясатка көңүл бурууну талап кылып жатышат.
Басылманын маалыматы боюнча, Республикалык партиянын ичиндеги Украина менен Израилге жардам көрсөтүүнү колдогондор да Байдендин талабына терс көз карашта.
Эскерте кетсек, Байден Конгресстен Украина үчүн 61,3 миллиард, Израиль үчүн 14,3 миллиард доллар бөлүүнү сураган. Ага чейин улутка кайрылып, Киев менен Тель-Авивди колдоо кийинки муундар үзүрүн көрө турган, америкалык аскерлерди согуш отунан сактап кала турган "келечектүү инвестиция" экенин белгилеген болчу.
АКШ бюджетинин дефицити быйыл 320 млрд. долларга өсүп, 1,7 трлн. долларга жетти