Эми Баткенди өнүктүрүүгө жыл сайын 1,5 млрд. сом бөлүнөт. ЖК мыйзам кабыл алды

Мыйзамга президент кол койсо чек аралаш аймакты колдоо каражаты үч эсе көбөйөт.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Мындан ары Баткенди өнүктүрүүгө жыл сайын 1,5 миллиард сомдон бөлүнөт. Жогорку Кеңеш "Баткен облусунун статусу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун үч окууда кабыл алды.
Каражат бюджеттен жылдын биринчи кварталынан кечиктирилбестен бөлүнөт. Буга чейин Баткенди колдоого жыл сайын 500 миллион сом гана каралчу.
Мыйзамга президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Аталган демилгени депутат Чыңгыз Ажибаев көтөргөн. Анын айтымында, Баткендин чек арага жакын аймактарында мезгил-мезгили менен пайда болгон өзгөчө кырдаалды эске алуу менен долбоор иштелип чыккан. Андыктан жергиликтүү калктын туруктуу жашоосу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ички жана тышкы миграциянын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган көйгөйлөрдү тез арада чечүү зарыл.
ЖК бейөкмөт уюмдарды тескечү долбоорду талкуусу жок эле биринчи окуудан колдоду