Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина премьери дүйнө жүзүндө ок-дары түгөнгөнүн айтты

Шмыгаль кампалар бош калганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Украина премьер-министри Денис Шмыгаль дүйнө жүзүндө ок-дары калбай калганын айтып, аларды Украинада өндүрүү зарылдыгын белгилегенин РИА Новости жазды.
Премьер Financial Times гезитине маек берип жатып Украинага дүйнөдөгү башка мамлекеттердей ок-дары жетишсиз болуп жатканын моюндаган.
"Бизде ок-дары тартыш болуп жатат. Мындай көрүнүш Украинада эле эмес, дүйнө жүзүндө байкалууда. Аны Украинада өндүрүш керектигин түшүнөбүз, анткени башка мамлекеттерде да жетишсиз, кампалар бош калды", — деген Шмыгаль.
Басылманын маалыматына ылайык, аскердик-коргоо комплексине, анын ичинде абадан коргонуу жана артиллерияга басым жасоо үчүн Киев бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизген. Ошол эле учурда Financial Times атын атабаган аткаминерге таянып, Киев тез арада ок-дары өндүрө албай турганын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина Крым жана Донбассты эми кайтара албайт. Батыш түшүнө баштагандай...