Бишкектин чок ортосундагы "Ожак кебаб" кафеси буздурулуп жатат. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясы шаардын чок ортосундагы "Ожак кебаб" кафесинин жеңил конструкция менен тургузулган курулушун буздуруп жатат.
Имарат Чүй проспекти менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан. Буздуруу ишин вице-мэр Нурдан Орунтаев жетектөөдө.
Мэрия курулуш мыйзамсыз тургузулганын билдирди. Свердлов райондук прокуратурасынын чечими менен муниципалдык жерди колдонуу келишими жокко чыгарылды. Эми дээрлик үч сотых жер бошогону турат.
Коркутуулар болот, коргонуу жолун ойлонуп койгом. Вице-мэр Орунтаевдин видеомаеги