Радио

Мамлекеттик ипотекалык компания ар облустун борборуна турак жай курат

МИКтин төрагасынын орун басары Тилек Джеембаев "Менин үйүм — 2021-2026" турак жай программасынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) республиканын аймактарына 6 500 батир курууну пландап жатканын айтты.
Sputnik
МИК ар бир облустун борборуна ипотекалык турак жай курат. Учурда Жалал-Абад шаарында 9 кабаттуу төрт үйдүн курулушу башталган. Кийинки жылдары үйлөр Талас, Ош, Каракол, Нарын, Баткен шаарларында куруларын Тилек Джеембаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Жалал-Абадда 639 батир курулуп, кезекте турган жарандарга 2024-жылы тапшырылат.
"Жеткиликтүү ипотекалык үйлөр Бишкекте былтыртан тарта курула баштады. №47 түзөтүү мекемесинин ордуна салынып жаткан турак жайдын биринчи этабында 1 000 батир, экинчи этапта 2 700 жана үчүнчү этапта калган батирлер тапшырылат. Мындан тышкары, аймактарда да үйлөрдүн курулушу башталды. Жалпысынан "Менин үйүм — 2021-2026" турак жай программасынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) республиканын аймактарына 6 500 батир курууну пландап жатат. Учурда Жалал-Абад шаарында 9 кабаттуу төрт үйдүн курулушу башталган. Эми Талас, Ош, Каракол, Нарын, Баткен шаарларында да батирлер салынат", — деди Джеембаев.
Ошондой эле адис учурда курулуп жаткан ипотекалык үйлөрдүн сапатына дыкат көңүл бурулуп, курулушка көзөмөл болуп турарын кошумчалады.