Нарында соодагерлер митингге чыгышты. Видео

Соодагерлер бийликтен патент менен иштөөгө уруксат берүүнү суранып жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Нарын шаарында 100гө жакын соодагер президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдына митингге чыгышты.
Акциянын катышуучулары бийликтин салык саясатына каршы экенин айтышты. Тагыраагы, сатуучулар электрондук эсеп-фактура киргизүүгө, ККМ-аппараттарын алууга жана текшерүүлөргө нааразы болушууда.
Митингчилер бийликтен патент менен иштөөгө уруксат берүүнү суранып жатышат.
Жаңы жылдан тарта соода жүргүзүүгө берилчү патент жокко чыгарылат