БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстанда курулуп жаткан Ак үйдөн 500 метрлик радиуста жаңы үйлөрдү курууга тыюу салынды.
Тийиштүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Документке ылайык, президенттин администрациясынын имаратынан бир чакырымдык радиуста 10 метрден ашык бийиктиктеги имараттарды курууга болбойт.
Мындай талаптар атайын кызматтын сунуштамасы менен коопсуздук максатында коюлду.
Токтом расмий жарыялангандан жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Жаңы курулуп жаткан Ак үй Чыңгыз Айтматов проспекти, 301 дарегинде жайгашкан.