Кыргызстан ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү протоколун ратификациялады

Мыйзамга быйыл 25-майда Москвада кол коюлуп, 18-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров “2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Мыйзамга быйыл 25-майда Москвада кол коюлуп, 18-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Өзгөртүү киргизүүнүн максаты:
укуктук жөнгө салуудагы кемчиликтерди жоюу;
келишимде колдонулган аныктамаларды тактоо;
ЕАЭБ органдарына, анын ичинде Евразия экономикалык комиссиясына бир катар ыйгарым укуктарды берүү;
шашылыш фитосанитардык чараларды колдонуу;
келишимде колдонулуучу аныктамаларды тактоо.
Ошондой эле тарифтик эмес жана техникалык жөнгө салуу, мамлекеттик сатып алуулар жана 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарына киргизилген иш-чараларды ишке ашыруу жөнүндө бөлүмдөргө оңдоолор киргизилген.
Мясников: Кыргызстан ЕАЭБ төрагасы катары башка өлкөлөргө жогорку стандартты койду