БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. "Кумтөр голд компани" ишканасынын мурдагы башчысы Теңиз Бөлтүрүккө козголгон кылмыш ишинин эки фигуранты айыпка жыгылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга Бишкек шаардык соту кабарлады.
Октябрь райондук соту А-Г. Ф. кызы Ж. жана Р. Т. аттуу жарандарга карата ишти караган. Экөө тең Кылмыш-жаза кодексинин “Ачык тооруктарды, аукциондорду же мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн тартибин бузуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган.
Биринчисине 110 миң, экинчисине 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу жазасы каралган.
Агенттиктин жеке булактарынан кеп компаниянын жабдуу боюнча адиси Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева жана каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов жөнүндө болуп жатканы белгилүү болду.
Буга чейин Башкы прокуратура “Кумтөр голд компани" ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк жана коррупция иши боюнча башка айыпталуучулар келтирилген зыян үчүн 844,5 миллион сом кенемте төлөгөнүн билдирген. https://sputnik.kg/20230501/kumtor-bolturuk-korrupciya-akcha-toktu-1074906995.html
Бөлтүрүктү президент Садыр Жапаров 2021-жылы компанияны башкарууга чакырган. Кийинки жылы Эсеп палатасы ишканадан финансылык алешемдиктерди таап чыгып, Бөлтүрүк менен компаниянын каржы директору Рыспек Токтогулов кызматтан четтетилген. Башкы прокуратура коррупциялык схемадан улам мамлекетке 1 миллиард сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин аныктаган. Жалпы тогуз киши суралган.
Теңиз Бөлтүрүк быйыл 30-апрелде үй камагына чыккан. https://sputnik.kg/20230430/bolturuk-uj-kamagynda-1074903153.html