Кеминдеги ак илбирс, карышкыр. Жапайы жаныбарлардын сүрөт, видеолору

Кыргызстанда акыркы жылдары ак илбирстин көбөйгөнү байкалып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бүткүл дүйнөлүк ак илбирсти коргоо күнүнө карата журналисттер Кемин районундагы жапайы жаныбарларды реабилитациялаган Сулуу-Теректеги борборго барып келишти.
Борбордун кызматкерлеринин айтымында, учурда ал жакта эки ак илбирс, сүлөөсүн, карышкыр, тоо текеси жана бүркүттөр бар.
"Эки илбирстин биринин аты — Ак-Мөөр. Карылыгы жетип, тоодон ылдый түшүп кашарларга кол сала баштаганда Жумгалдан алып келгенбиз. Ал эми экинчисинин аты Колючка, 14 жашта", — деди борбордун кызматкерлери.
1 / 3

Бүткүл дүйнөлүк ак илбирсти коргоо күнүнө карата журналисттер Кемин районундагы жапайы жаныбарларды реабилитациялаган Сулуу-Теректеги борборго барып келишти

2 / 3

Борбордун кызматкерлеринин айтымында, учурда ал жакта эки ак илбирс, сүлөөсүн, карышкыр, тоо текеси жана бүркүттөр бар

3 / 3

"Германиянын табиятты коргоо союзу" (NABU) коомдук уюмунун адиси Назгүл Атабаева Кыргызстанда акыркы жылдары ак илбирстин көбөйгөнү байкалып жатканын белгиледи

"Германиянын табиятты коргоо союзу" (NABU) коомдук уюмунун адиси Назгүл Атабаева Кыргызстанда акыркы жылдары ак илбирстин көбөйгөнү байкалып жатканын белгиледи.
"Бул жакшы көрүнүш. Көбөйүп жатканынын себеби тоодо илбирстерге тамак жетиштүү. 1990-жылдары Кыргызстанда 250 илбирс болсо, азыр болжол менен 400гө жакындаптыр", — деди ал.
Буга чейин бир катар уюмдар президент Садыр Жапаровго ак илбирске "Кыргызстандын улуттук жаныбары" статусун берүү сунушу менен кайрылышкан.
Радио
Мадиев: илбирс аткандар 1,5 млн. сом айып төлөйт