Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Илон Маск Батышты Россия менен элдешүүгө чакырды

Айтылуу ишкер Россия менен Украина бир тууган эл экенин белгилеген.
Sputnik
Америкалык миллиардер, ишкер жана инженер Илон Маск Батыш Украинадагы кагылышууну токтотуп, Россия менен мамилени жакшыртуу процессин башташы керек деген пикирде. Бул тууралуу ал белгилүү теле алып баруучу Такер Карлсон менен маектешип жатып билдирген.
Sputnik Ближнее зарубежье бизнесмендин сөзү боюнча видео даярдаган.
Маск Карлсон менен Жакынкы Чыгыштагы кырдаал, жалпы дүйнөдөгү абал, Украина тууралуу сүйлөшкөн. Россия менен Украина бир тууган экенин белгилеген ишкер ушу тапта Батыш Москва менен элдешүүсү керек деп эсептейт.
"Менимче, украин жаштарын окопто курмандыкка чала берүүнү токтотуп, Россия менен элдешип, мамилени жакшыртуу процессин башташыбыз керек. Россия менен Украина экөө бир тууган. Украиналыктардын Россияда жашаган тууган-туушканы бар, россиялыктардын да Украинада жакындары көп. Алар илгертен эле бир мамлекеттин бөлүгү болуп келишет", — деди бизнесмен.
Маск Украинада түзүлгөн кырдаал эки өлкөнүн космостук технологиясына да кедергисин тийгизип жатканын белгиледи.
"Эң мыкты ракеталык технологиялар Украина менен Россия бирге иштегенде чыгарылган. Эки башка жолго түшкөн соң экөөнүн тең космостук технологиялары жабыркады. Демек, ким кандай дебесин, экөө бири-бирине табиятынан душман боло албайт. Таарынычтары болгону менен булар бир үй-бүлө", — деди Маск.
Ишкер чырдын тереңдешине Батыш түрткү болуп жатканына да токтолгон. Ал "менимче, биз, батыштагылар, аларды өз балдарын өлтүрүүгө түртүп жатабыз, бул туура эмес. Регионалдык апаатты азыр биз Россияны Батышка жаман көрсөтүп, эл аралык маселелерди Россия менен чогуу чечпей катаал санкцияларды киргизип, цивилизациялык тобокелчилик менен күчөтүп жатабыз", — деген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина премьери дүйнө жүзүндө ок-дары түгөнгөнүн айтты