Пресс-борбор

ЕАЭБде өндүрүүчү жана кийим сатуучулар үчүн атайын платформа иштей баштады

Аталган сервис 24/7 режиминде иштейт жана тигүү тармагындагылар каалаган убактысында өнөктөш, жөнөтүүчү, буйрутма берген адамын таба алат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. ЕАЭБде тигүү тармагында товар сатуучу жана өндүрүүчүлөрдүн кызматташуусуна багытталган BEE-online.ru платформасы иштей баштады. Бул тууралуу порталдын директору Татьяна Белькевич билдирди.
Ал "ЕАӨБдүн Санарип демилгелер фондунун долбоорлору ЕАЭБдин интеграцияланышына кандайча жардам берүүдө" аттуу видеокөпүрөгө катышып, сүйлөгөн.
Белькевичтин айтымында, долбоор Санарип демилгелер фондунун жардамы менен ишке ашырылууда. Аталган сервис 24/7 режиминде иштейт жана тигүү тармагындагылар каалаган убактысында өнөктөш, жөнөтүүчү, буйрутма берген адамын таба алат.
Ал Россияда жумушчу күч жана сырьё жетишсиз экенин айтып, платформа бул көйгөйдү чечүүгө жардам бере турганын белгилеген.
Белькевич максат, тапшырмалар менен бөлүштү. Алар:
ассортиментти кеңейтүү;
товар жөнөтүүчүлөргө маркетплейс иштетүү;
эмгек биржасын иштетүү;
билим берүү прогораммаларын ишке киргизүү.
Брифингдин катышуучулары кесип, көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган эл аралык платформа (Ворлдскиллс Россия) тууралуу да кеп кылышты.
Евразия өнүктүрүү банкынын башкаруучулугунун төрагасы, Санарип демилгелер фондунун куратору Тигран Саркисян ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары менен бизнес үчүн жакшы шарт түзүлүп жаткандыктан эки долбоор каржыланганын кошумчалаган.
"Бул эл аралык платформа заманбап технологияларды колдонуу менен ЕАЭБ боюнча кооперациялык байланышты түзүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө. Ал чакан жана орто ишкерликке ылайыктуу шарт түзүп жатат. Сервистин жардамы менен ЕАЭБдин жеңил өнөр жай тармагында жумуш алгылыктуу жүрмөкчү", — деген ал.
Пресс-борбор
Евразия өнүктүрүү банкы санарип демилгелерге сынак жарыялады