Драматургдар арасында республикалык сынак жарыяланды. Шарт-талабы

Жеңген пьесалардын авторлоруна сертификат жана акчалай байгелер тапшырыла турганы кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Маданият министрлиги Кыргызстан театр ишмерлер союзу менен биргеликте драматургдар арасында республикалык сынак жарыялаганын ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Мындай демилге кыргыз театрларынын репертуарын жаңыртып, улуттук драматургияны стимулдаштыруу максатында көтөрүлгөн.
"Сынакка мурда театрларда коюла элек жана "Алтын калем" сыяктуу сынактарга катышпаган драмалык чыгармалар, пьесалар гана сунушталышы керек, темага чектөө коюлбайт. Ошондой эле бардык калемгерлер катышса болот", — деп жазылат маалыматта.
Жеңген пьесалардын авторлоруна сертификат жана акчалай байгелер тапшырыла турганы кошумчаланды.
Сурап-билүү үчүн телефондор: (312) 661128, (312) 661 128, 623 497, 0559 888 156 (WhatsApp), 0772 193 500 (WhatsApp), +996 553 188 193, 701 891 414.
Радио
Калыбеков: "Алтын калем" сынагына орус тилиндеги чыгармалар да кабыл алынат