Бишкекте бүгүн саат 16:00дө троллейбустар кайрадан токтотулат

Мындай чектөө ШКУ, ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин жыйынына байланыштуу киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Ордо калаада бүгүн саат 16:00дөн 17:30га чейин троллейбустар каттамы убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Муниципалитет мындай чектөө ШКУ, ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин жыйынына байланыштуу киргизилгенин белгиледи.
Троллейбустар качан ишин жандантары тууралуу кийинчерээк айтылат. Эске салсак, троллейбустар каттамын кечээ да токтотуп, мэрия муну техникалык себептер менен байланыштырган.
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
25-26-октябрда Бишкек менен Сокулуктагы бардык билим берүү жайлары онлайн окушат