Бишкек — Ош жолунда жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилди

Төө-Ашууда жолчулар инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун 81-чакырымында (Төө-Ашуу, Сосновка) оор жүк ташуучу автоунааларга убактылуу чектөө киргизилгенин "Кыргыз автожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Ограничение для транспорта на трассе Бишкек — Ош
Маалыматка караганда, Төө-Ашууда жолчулар инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө.
"Аба ырайы жакшырганга чейин Бишкек — Ош жолунун 81-чакырымында оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди", — деп айтылат кабарда.
Ишкана айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөк ала жүрүүнү сунуштаган.
Жаан-чачындуу болот. Алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу