Садыр Жапаров Исхак Раззаковдун кызына паспорт берип, батир белек кылды. Сүрөт

Элмира Раззакова Садыр Жапаровго көңүл бурганы, өтүнүчүн четке какпай чечип бергени жана турак жай түрүндө күтүүсүз белеги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун кызы Элмира Раззакова менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

резидент Садыр Жапаров мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун кызы Элмира Раззакова менен жолугушту

2 / 4

Мамлекет башчысы кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө зор салым кошкон улуу инсандын кызы менен жолугушуп жатканына абдан кубанычта экенин билдирди

3 / 4

Президент Исхак Раззаковдой улуу инсандын ысымы ар бир кыргызстандыкка таанымал экендигин, жалпы элибиз анын кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдө ойногон чоң ролун билерин баса белгиледи

4 / 4

Жолугушуу учурунда президент ага Кыргызстандын жаранынын паспортун жана жалпы жарандык паспортун тапшырып, ошондой эле белек катары Элмира Раззаковага Бишкектин борборунан бардык шарттары бар батир сатып алынганын билдирди

Мамлекет башчысы кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө зор салым кошкон улуу инсандын кызы менен жолугушуп жатканына абдан кубанычта экенин билдирди.
Президент Исхак Раззаковдой улуу инсандын ысымы ар бир кыргызстандыкка таанымал экендигин, жалпы элибиз анын кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдө ойногон чоң ролун билерин баса белгиледи.
"Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот" деген накыл кеби жөн эле айтылып калбастан, ар бир адамдын, айрыкча өлкө жетекчилеринин жүрөгүнөн түнөк таап, таза иштөөгө жетелеп, келечекке жол, багыт болуп келет. Бул Исхак Раззаковдун баскан жолу жана ишмердүүлүгү кыргыз тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калгандыгынын далили", — деди Жапаров.
Элмира Раззакова учурда Москвада жашаарын жана кийинки жылы 80 жашка толорун билген мамлекет башчысы анын кыргыз жарандыгын алуу өтүнүчүн көңүл сыртында калтыра албаганын баса белгиледи.
Буга байланыштуу жолугушуу учурунда президент ага Кыргызстандын жаранынын паспортун жана жалпы жарандык паспортун тапшырып, ошондой эле белек катары Элмира Раззаковага Бишкектин борборунан бардык шарттары бар батир сатып алынганын билдирди.
1 / 3

Мамлекет башчысы кыргыз эли Кыргызстанга ат көтөргүс салым кошкон Исхак Раззаковду дагы, кыргыздын көрүнүктүү уулунун кызы катары аны да эч качан унутпай турганын жана ар тараптан колдоого ар дайым даяр экенин белгиледи

2 / 3

Ал эми Элмира Раззакова Садыр Жапаровго көңүл бурганы, өтүнүчүн четке какпай чечип бергени жана турак жай түрүндө күтүүсүз белеги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, канчалаган жылдардан кийин кичи мекени болгон Бишкекке кайтып келгенине абдан кубанып, бактылуу экенин билдирди

3 / 3

Ал эми Элмира Раззакова Садыр Жапаровго көңүл бурганы, өтүнүчүн четке какпай чечип бергени жана турак жай түрүндө күтүүсүз белеги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, канчалаган жылдардан кийин кичи мекени болгон Бишкекке кайтып келгенине абдан кубанып, бактылуу экенин билдирди

Мамлекет башчысы кыргыз эли Кыргызстанга ат көтөргүс салым кошкон Исхак Раззаковду дагы, кыргыздын көрүнүктүү уулунун кызы катары аны да эч качан унутпай турганын жана ар тараптан колдоого ар дайым даяр экенин белгиледи.
Ал эми Элмира Раззакова Садыр Жапаровго көңүл бурганы, өтүнүчүн четке какпай чечип бергени жана турак жай түрүндө күтүүсүз белеги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, канчалаган жылдардан кийин кичи мекени болгон Бишкекке кайтып келгенине абдан кубанып, бактылуу экенин билдирди.
Исхак Раззаковдун атактуу жана азаптуу өмүрү. Залкар ишмер тууралуу 20 факты