Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россиялык аскерлер от чачкан "Солнцепёктун" соккусун көрсөттү. Видео

"Солнцепёк" оор огнемёттук тутумунун соккусунан окоп менен блиндажга жашынып аман калууга мүмкүн эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Россиялык аскерлер Запорожье облусунда Украина Куралдуу күчтөрүнүн позициясына ТОС-1А сокку уруп жаткан учурун көрсөтүштү. Видеону Ближнее зарубежье Telegram-каналы жарыялады.
"Солнцепёк" оор огнемёттук тутумунун соккусунан окоп менен блиндажга жашынып аман калууга мүмкүн эмес. Термобардык аралашма абага чачырайт да, кубаттуу басымдын алдында температурасы +3000 градуска чыгып, 200 килограммдык снаряд келип тийген жерин соо калтырбайт. Адистер мындай ысыктан болот калканчтар да эрип түшөрүн айтышкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын тик учактары — Украина менен НАТО үчүн өкүм. Сереп