Ошто математика жана так илимдердин россиялык жумалыгы башталды

Долбоор Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Түндүк Кавказ федералдык университети, Оштогу "Русский дом" жана Ош мэриясынын колдоосу менен ишке ашып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Ош мамлекеттик университетинде орус тилдүү мектептер үчүн Россия өткөрө турган математика жана так илимдер жумалыгы башталды.
1 / 5

Ош мамлекеттик университетинде орус тилдүү мектептер үчүн Россия өткөрө турган математика жана так илимдер жумалыгы башталды

2 / 5

Жумалыкка 9-11-класстын 300дөн ашык окуучусу жана физика, математика, информатика сабактарын окуткан 170тен ашык мугалим катышат

3 / 5

Жумалыктын алкагында окуучулар менен мугалимдер үч багыт боюнча (физика, математика, информатика) иш жүргүзөт

4 / 5

Ошондой эле предметтик мугалимдер билим берүүдө санарип технологияларды, заманбап окутуу механизмдерин колдонушат

5 / 5

Математика жана так илимдер жумалыгы Жалал-Абад менен Кызыл-Кыядагы 9-11-класстардын окуучулары үчүн дагы уюштурулат

Жумалыкка 9-11-класстын 300дөн ашык окуучусу жана физика, математика, информатика сабактарын окуткан 170тен ашык мугалим катышат.
Иш-чаранын ачылышына Ош мэриясынын Байланыш жана аналитика башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Исраилов, Россиянын Оштогу илим жана маданият борборунун ("Русский дом") жетекчиси Дмитрий Аврам, Ош мамлекеттик университетинин илим жана инновациялар боюнча проректору Русланбек Арапбаев, Түндүк Кавказ федералдык университетинин проректору Василий Иванов, Түндүк Кавказ федералдык университетинин Тышкы байланыш департаментинин өкүлү, долбоордун жетекчиси Ольга Любимова катышты.
Жумалыктын алкагында окуучулар менен мугалимдер үч багыт боюнча (физика, математика, информатика) иш жүргүзөт. Ошондой эле предметтик мугалимдер билим берүүдө санарип технологияларды, заманбап окутуу механизмдерин колдонушат.
Математика жана так илимдер жумалыгы Жалал-Абад менен Кызыл-Кыядагы 9-11-класстардын окуучулары үчүн дагы уюштурулат.
Аталган долбоор Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Түндүк Кавказ федералдык университети, Россиянын Оштогу илим жана маданият борбору ("Русский дом") жана Ош мэриясынын колдоосу менен ишке ашып жатат.
Ошто россиялык артисттер "Бульварымды" келиштире аткарды. Видео