Пара Азия оюндарынан жөө күлүк Жалалидин Абдувалиев күмүш утту

20-октябрда башталган Кытайдагы мелдеш 30-октябрга чейин созулат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Жалалидин Абдувалиев Кытайда өтүп жаткан Пара Азия оюндарынан күмүш медаль утту.
Көзү азиз жөө күлүк 5 чакырым аралыкты 17 мүнөт 18 секундада чуркап өткөн.
Ушун менен Пара Азия оюндарынан Кыргызстандын куржунуна экинчи медаль түштү.
Пара Азия оюндарына Кыргызстандын атынан 27 спортчу катышууда.
Кыргызстандык Даун синдрому бар балдар сууда сүзүү олимпиадасынан байге алды