Радио

Кеч күздө күч алчу менингиттин белгилери айтылды

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын бөлүм башчысы Назгүл Мамбетова менингит оорусу кеч күздө күч аларын айтты.
Sputnik
Бүгүнкү күндө менингит болдум деп кайрылгандар арбын, бирок арасынан тастыкталгандар аз. Бул тууралуу Назгүл Мамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, менингит оорусу грипптен баштын катуу оорушу менен айырмаланат.
"Көпчүлүк ооруканага менингит менен ооруп жатам деп келишет. Бирок текшере келгенде башка оору болуп чыгат. Азыркы кезде да кайрылгандар көп, бирок арасынан тастыкталгандар аз. Негизи аталган дарт кеч күздө, кышында жана эрте жазда күч алат. Учурда менингит оорусу менен ооругандар көп эмес. Илдеттин башкы симптомдору негизинен окшош. Менингиттин грипптен айырмасы баш сынып кетейин деп катуу ооруйт. Температура жогорулап, 38-39 градуска чейин чыгышы мүмкүн. Мындан сырткары, адам аябай кусат. Айрым бейтаптар так сааты менен оорунун белгилерин атап беришет. Менингит менен көбүнчө оор абалда кайрылышат. Канчалык дарыгерге эрте келсе, дарылоо ошончолук жеңилирээк болот. Оору эки күндөн ашып, өтүшүп мээ шишип кетсе сактап калуу оор болуп калат", — деди дарыгер.
Ал менингит күчөп кетсе адам майып болуп калышы да мүмкүн экендигин кошумчалады.