БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Көзү азиз кыргызстандык дзюдочу Хайитхон Хусан кызы Кытайда өтүп жаткан Пара Азия оюндарынан алтын медаль утту.
48 килограмм салмакка чейинки категориядагы спортчу финалда япониялык атаандашы Хангаи Шизуканы жеңип, 1-орунду багынткан.
Белгилей кетсек, муну менен Хайитхон Пара Азия оюндарынан Кыргызстанга эгемен тарыхтагы алгачкы алтынды утуп берди.