ЕАЭБдин реестринде Кыргызстандын 39 балык чарбасы катталган, анын бешөө учурда Россияга балык экспорттоп жатат. Бул тууралуу Алмаз Шаршенбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда 415 балык чарба ишмердүүлүк жүргүзүп, өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга салым кошуп жатышат.
"ЕАЭБдин реестринде Кыргызстандын 39 балык чарбасы катталган, анын бешөө учурда Россияга балык экспорттоодо. Буга чейин тогуз субъект Россияга балык жана балык азыктарын жиберип турган. Ал эми өлкө боюнча 415 балык чарба ишмердүүлүк жүргүзүп, өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга салым кошуп жатышат. Былтыркы жылдын тогуз айында 2 миң тонна балык экспорттолсо, быйыл ар түрдүү чектөөлөрдү эске алганда 2,9 миң тонна балык сатылды. Демек, ишкерлер чарбалардын ишин жогорулатып, ири көлөмдө рынокко алып чыгууда", — деди Шаршенбеков.
Ошондой эле адис Россияга балык экспорттоочу үч чарба онлайн инспекциядан өтүп, Россельхознадзордун жыйынтыгы күтүлүп жатканын кошумчалады.