БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бишкектин Байтик баатыр жана Абдрахманов көчөлөрүндө коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке бөлүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
© Фото / пресс-служба мэрии города Бишкек
Муниципалитеттин тармактык кызматкерлери жана инспекторлор түнкүсүн иштеп жатканы айтылды.
Учурда Байтик баатыр көчөсүнө Медеров көчөсүнөн чыгыш тараптан Лев Толстой көчөсүнө чейин атайын тилке түшүрүлдү. Ошондой эле Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин бүткөрүлдү.
Эми иш Абдрахманов көчөсүндө Жибек Жолу проспектине чейин уланат.
Коомдук транспорт үчүн тилке буга чейин Түштүк магистралдын Жетикашкаева көчөсүнөн Байтик баатырга чейинки жерине чийилген.