Жапаров Таласка Беларустан ремонттолгон МИ-8МТВ-1 тик учагы менен барган

Тик учак алты жылдан бери пайдаланылбай туруп калган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Беларусь президенти Александр Лукашенкого МИ-8МТВ-1 тик учагын сапаттуу ремонттон өткөрүп берүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров Беларусь президенти Александр Лукашенкого МИ-8МТВ-1 тик учагын сапаттуу ремонттон өткөрүп берүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирд

2 / 3

Өлкө башчы соцбаракчасына пост жазып, аба транспортунун сүрөтүн чыгарган. Ал кечээ Талас облусуна дал ушул учак менен барганын билдирди

3 / 3

Жапаровдун айтымында, 2016-жылы Россия Кыргызстанга МИ-8МТВ-1 тик учагын берген. Ал өлкөнүн ар кандай муктаждыктары үчүн пайдаланылып жүрүп, бир жылдан кийин бузулуп, ар кандай себептер менен ремонттолбой туруп калат

Өлкө башчы соцбаракчасына пост жазып, аба транспортунун сүрөтүн чыгарган. Ал кечээ Талас облусуна дал ушул учак менен барганын билдирди.
Жапаровдун айтымында, 2016-жылы Россия Кыргызстанга МИ-8МТВ-1 тик учагын берген. Ал өлкөнүн ар кандай муктаждыктары үчүн пайдаланылып жүрүп, бир жылдан кийин бузулуп, ар кандай себептер менен ремонттолбой туруп калат.
“Алты жылдан бери пайдаланылбай туруп калган тик учакты адистерге көрсөтүп, ремонттосо боло тургандыгын аныктадык. Андан кийин Беларусь лидеринин көмөгү менен ал жактан толук бойдон капиталдык ремонттон өткөрдүк. Ошентип тик учактарыбыздын саны дагы бирге көбөйдү. Буга байланыштуу Александр Лукашенкого терең ыраазычылыгымды билдире кетейин”, — деген Жапаров.
Ал кыргызстандык адистер ремонтко мыкты деген баасын беришкенин кошумчалады.
Садыр Жапаров ӨКМге Россия берген өрт өчүрүүчү тик учакты тапшырды