Өкмөт чет элдиктерге берилчү “Санарип көчмөндү” толук мыйзамдаштырууга белсенди

Мындай макамды алууга укуктуу өлкөлөрдүн тизмесин узартуу каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Чет элдик IT-адистерине “Санарип көчмөн” (Digital nomad) статусун берүү пилоттук долбоору ийгиликтүү жыйынтыкталып, аны мыйзам менен бекитүү сунушталды. Демилгени Экономика жана коммерция министрлиги коомдук талкууга койду.
Аталган статусту берүү тартиби 2022-жылдын сентябрынан бери өкмөттүн убактылуу жобосу менен иштеп келген.
Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө чет өлкөлүк жарандар “Санарип көчмөн” макамынын ээси боло алышат.
Төмөнкүдөй укуктар берилет:
Кыргызстанда жашаган жери боюнча каттоого туруу милдетинен бошотулат;
жеке идентификациялык номер (ЖИН) алат;
ишке уруксат алуудан бошотулат;
салык мыйзамдарына ылайык жеке ишкердик же юридикалык жак катары ишти жүзөгө ашырууга укуктуу;
юридикалык жакты каттоого жол берилет;
өлкө банктарында эсеп ачуу жана пайдалануу.
Буга чейин аталган макамды Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Молдованын жана Россиянын IT адистери гана ала алчу. Мында ага АКШ, Улуу Британия, Түндүк Ирландия, Германия, Корея жана Индия өлкөлөрүн кошуу каралган.
“Санарип көчмөндөрдүн” келиши өлкөгө жогорку квалификациялуу кадрлардын болушу, жумуш орундарын түзүү, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талапты жогорулатуу, туризмди өнүктүрүү, салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшү сыяктуу экономикага олуттуу салым кошору белгиленген.
Өкмөт бир нече документти онлайн түрүндө берүүнү демилгеледи. Мыйзам долбоор