БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Ош шаарына Санкт-Петербургдан "Атаман" казак ансамбли келип концерт тартуулады.
Иш-чара Оштогу Бабур атындагы театрда болду. Артисттер элдик чыгармаларды жана бийлерди аткарышкан.
Кечеге баргандар иш-чара аншлаг менен өтүп, өзгөчө күйөрмандар "Бульварым" ырын жылуу кабыл алганын айтышты.
Концертти түштүк калаасындагы "Русский дом" уюштуруп, мэрия колдоого алган. Соңунда артисттерге ыраазычылык каттары тапшырылган.