Нью-Йоркто миңдеген киши Палестинаны колдоп митингге чыкты

Палестина менен Израилдин ортосундагы кырдаал 7-октябрдан тарта курчуп кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Нью-Йорктун Бруклининде миңдеген киши Палестинага колдоосун билдирип митингге чыкканын РИА Новости кабарчысына таянуу менен билдирди.
Акциянын катышуучулары колдоруна Палестинанын желегин көтөрүп алышкан. Алар "Палестинага эркиндик, геноцидди токтоткула", "Палестина эркин болушу керек" дегени айтылат. Плакаттарынан "Израиль ооруканаларды бомбалоодо, Байден аны каржылап жатат", "Палестинага эркиндик" деген жазууларды көрүүгө болот.
Жалпы жонунан митинг тынч өткөнү белгиленди.

Израиль — Паленстина жаңжалы

7-октябрь күнү эртең менен Израиль ХАМАС аскердик канаты жарыялаган "Аль-Акса топон суусу" операциясынын алкагында Газа сектору тараптан болуп көрбөгөндөй чабуулга дуушар болгон. Ракеталык соккулардан кийин уюмдун жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк чегине кирип барган.
Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги ишемби күнү Газа секторунда тирешүүдөн каза болгондордун саны 4 385 адамга жеткенин кабарлаган, 13 миңден ашуун тургун жарадар болгон. Ал эми Израилде, жергиликтүү бийликтин берген маалыматы боюнча, 1300дөн ашуун адам көз жумду.
Россия президенти Владимир Путин Жакынкы Чыгыштагы кризис БУУнун Коопсуздук кеңеши 1967-жылы бекитип берген "эки мамлекеттүүлүк" формуласынын негизинде гана жөнгө салынышы керек деген позициясын билдирген. Аталган формулада борбору Чыгыш Иерусалимде жайгашкан көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү каралган.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндик-израилдик жаңжал ондогон жылдардан бери региондогу кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Эскерте кетсек, кечээ Бишкекте да Палестинаны колдоо акциясы өттү.
ТИМ кыргызстандыктарга Ливандан чыгып кетүүнү сунуштады