Кыргызстан Кытайга балдын экспортун 47 эсеге көбөйттү

Кыргызстан сегиз айда 16 мамлекетке бал саткан.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстан быйыл балдын экспортун көбөйттү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Январь айынан августка чейин 223 тонна бал дээрлик 900 миң долларга сатылган. Азык 16 мамлекетке экспорттолгон.
Беш ири сатып алуучу:
Кытай — 89,8 тонна;
Азербайжан — 21,7;
АКШ — 21,5;
Кувейт — 21,1;
БАЭ — 20,1.
Өткөн жылы ушул эле убакыт аралыгында 132,1 миң тонна бал сатылган. Ошондон бери балдын экспорту кыйла өзгөрдү. Ал кезде сатып алуу (37,5 тонна) боюнча Сауд Арабия лидер болчу (азыр 16,8 тонна). Быйылкы жылдын ири сатып алуучулары БАЭни эске албаганда Кытай (1,9 тоннадан 89,8 тоннага жетти) сатып алууну кыйла жогорулатты, ал эми Азербайжан 2022-жылдын январь-август айларынын ичинде КРден бал сатып алган эмес.
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ