Радио

Манасчы "үдөт" деген көөнө сөздү чечмелеп берди

"Манас" театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков эпосто кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.
Sputnik
Убакыт, мөөнөттү билдирген "үдөт" деген эски сөз бар. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, "Манас" эпосунда көөнө сөздөр арбын кездешет.
"Манаста "үдөт" деген сөз кездешет. Ал мөөнөт, убакыт, сан, эсеп дегенди билдирет. Эпосто Жакып 60ка таяп, Манаска берген той тууралуу "токтолгон болсо үдөтү, тоюн арбын соет" деген саптар кездешет. Бул жерде убактысы, мөөнөтү такталган болсо, тойдун камын көрөт деген маани айтылып жатат", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал көөнө сөздөрдү колдоно билүү артыкчылык болорун кошумчалады.