БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Германиянын борбору Берлинде "Бала манасчы" айкели расмий ачылганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Бир ай мурдараак Садыр Жапаров Германияга иш сапары менен барганда эстеликти көрө кеткен.
Расмий ачылышка ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев, Германиядагы элчи Өмүрбек Текебаев, ЖК депутаттары жана "Mанас" улуттук театрынын өкүлдөрү катышкан.
Эстелик Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин аймагына орнотулду. Айкелди скульптор Тамила Маматова жасаган.
"Бала манасчы" кыргыз элинин улуттук жүзүн туюнтат. 10-12 жаштагы жигит кыргыз элинин жаштыгын, эртеңин жана рухун билдирет", — дешти Маданият министрлигинен.
QR-код түшүрүлгөн такта аркылуу эстелик жөнүндө маалымат алып, "Манастан" үзүндү угууга болот.
Айкелди орнотуу демилгесин элчи Өмүрбек Текебаев көтөргөнү айтылды.