Көркүнө чыккан алтын түстүү Ала-Арча. Көз талдырган 13 сүрөт

Жаратылышы ар убак суктандырган Ала-Арча күзүндө өзгөчө кулпурду. Жалбырактары саргайып келе жаткан бактар, төрт мезгил жапжашыл болгон балатылар, шаркыраган тунук суу, сайраган чымчыктар....
Sputnik
Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркы Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында Бишкектен 41 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул жерде карагай, арча, бадалдуу шалбаа өсөт. Ала-Арча капчыгайы аркылуу Ала-Арча суусу агат. Аталган жаратылыш паркы 1976-жылы аймактын табиятын сактоо максатында уюшулган.
1 / 13

Алар-Арча паркы Бишкектен 41 чакырым алыстыкта жайгашкан

2 / 13

Абасы тунук жана таза, азыр күн суук тартып калган кези

3 / 13

Карагайлар төрт мезгил бою жашыл болуп турат

4 / 13

Шарткыратманын кашка суусу жан дүйнөнү эс алдырат

5 / 13

Кооз чымчыктарды кездештирүүгө болот

6 / 13

Тыйын чычкандар дагы өтө көп

7 / 13

Шаардын ызы-чуу жашоосунан чарчаганда Ала-Арчадан өтөрү жок

8 / 13

Ала-Арча кыргызстандыктардын гана эмес, туристтердин да сүйүктүү жерине айланды

9 / 13

Парктын ичинде эс алуучу үйлөр, кафелер курулган

10 / 13

Жаратылыш паркынын асмандан көрүнүшү

11 / 13

Ала-Арча — ат минип эс алууга эң ылайыктуу жерлердин бири

12 / 13

Ала-Арча капчыгайы эл аралык порталдарда туристтер көп барган ажайып жай деп аталган

13 / 13

Паркта өсүмдүктүн 161 түрү өсөт

Тема боюнча:
Баткакка батып, бийиктикке секирип. Канттагы мото турнирдин ирмемдери