БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Өлкөдө КР эл акыны Жалил Садыковдун 90 жылдыгы белгилене турганын Маданият министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Акындын мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара 23-октябрда саат 18:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында белгиленмекчи.
КР эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, II даражадагы Манас орденинин ээси, драматург Жалил Садыков көзү тирүү болгондо 91 жашка чыкмак.
Садыков Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин сөзүн Шабданбек Кулуев менен чогуу жазган. Ал "Манас" үчилтигинин негизинде "Манастын уулу Семетей", "Сейтек" драмасын жана түрдүү жанрдагы ондогон пьеса жараткан. Александр Пушкин, Михаил Лермонтов, Расул Гамзатов, Тарас Шевченко, Омар Хаям, Кайсын Кулиев жана Ясыр Шивазанын чыгармаларын дагы кыргыз тилине которгон. Ошондой эле Жазуучулар союзунун төрагасы, легендарлуу парламенттин депутаты болгон. Кыргыз эл акыны өмүрүнүн аягына чейин калемин колунан түшүрбөй жүрүп, 78 жашында дүйнөдөн кайтып, туулган күнүндө жерге берилгени маалым.