Министрлик: “Социалдык келишимдин” суммасы өзгөрбөйт, 200 миңди алуу шарты башкача

Мекеме министрдин парламентте айткан жаңылыш сөзү боюнча түшүндүрмө берди.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Калктын аялуу катмарына "Социалдык келишим" долбоору менен берилчү каражаттын суммасы кийинки жылы өзгөрбөйт. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, кечээ аталган ведомствонун башчысы Алмаз Бакетаев парламентте сумманы 200 миң сомго жеткирүү пландалып жатканын айткан. Бүгүн маалымат кызматы ал боюнча түшүндүрмө берди.
“Министрлер кабинетинин чечими менен 2024-жылы “Социалдык келишимдин” негизинде 20 миң үй-бүлөнү каржылоо пландаштырылууда. Анын өлчөмү өзгөрүлбөйт, башкача айтканда, 100 миң сомду гана түзөт. Ал эми бул долбоордон мурда акча алып ишкерлигин ийгиликтүү жүргүзгөн үй-бүлөлөргө стимул берүү максаты коюлган. Алар ишкерлигин далилдеп, салыктарды төлөгөн учурда мамлекеттик банктардан 200 миң сомго чейин пайызсыз насыя берүү каралууда”, — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле мекеме 2022-жылы өлкө боюнча “Социалдык келишим” долбооруна 2800 жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлө катышканын билдирди. Быйыл алардын саны 10 миңге жеткен.
Сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган кыз-келиндер үчүн борбор түзүлөт