Муктаж үй-бүлөнүн ишкерлик баштоосуна 200 миң сомдон берүү каралууда

Учурда долбоордун катышуучуларына 100 миң сомдон берилип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Калктын аялуу катмарына "Социалдык келишим" долбоору менен берилчү каражаттын суммасын 200 миң сомго жеткирүү каралууда. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаев парламентте билдирди.
Депутат Алишер Козуев кыйналган үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон берүүнүн натыйжасында көпчүлүгү иш берүүчүгө жана салык төлөөчүгө айланганын белгиледи. Мындан улам ал региондордогулар долбоордун суммасын 200 миң сомго көбөйтүүнү суранып жаткандыктарын айтты.
"Кийинки жылга мындай план бар. Биз аны банк аркылуу субсидия катары чечебиз деген механизм киргиздик", — деди министр.
Бакетаев бул долбоорго быйыл 1 миллиард сом бөлүнгөнүн, ал эми кийинки жылга 2,1 миллиард сом каралганын белгиледи.
Министр: 100 миң сом алган 13 миң үй-бүлөнүн 9у гана иштетип кете алган жок