Садыр Жапаров Таластагы заманбап спорт комплекстин ачылышына катышты. Сүрөт

Комплекс “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын башкы директорунун жеке эсебинен курулганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Садыр Жапаров Талас облусундагы “Асыл” спорт комплексинин ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Айтматов районундагы Кызыл-Адыр айылында ачылган комплекс бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган. Анда баскетбол, волейбол, футзал, күрөш, бокс жана башка секцияларга катышуу үчүн залдары бар.
1 / 4

Садыр Жапаров Талас облусундагы “Асыл” спорт комплексинин ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

2 / 4

Айтматов районундагы Кызыл-Адыр айылында ачылган комплекс бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган

3 / 4

Анда баскетбол, волейбол, футзал, күрөш, бокс жана башка секцияларга катышуу үчүн залдары бар

4 / 4

Президент заманбап комплексти жеке эсебинен куруп берген “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын башкы директору Болот Абилдаевге ыраазычылык билдирди

Президент заманбап комплексти жеке эсебинен куруп берген “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын башкы директору Болот Абилдаевге ыраазычылык билдирди.
“Бул жакшы саамалык мындан ары да уланып, салтка айланып кетет деген үмүтүм чоң. Өлкөбүздө ар кандай долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышып жаткан Болот Абилдаевден үлгү ала турган миллионерлер көп, алар дагы элге жакшылык кыла алышмак”, – деди Жапаров.
Жапаров сөзүнүн аягында “Асыл” спорт комплексинин ачылышы анын “Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндө чыгарган алгачкы жарлыгынын уландысы экенин эске салды. Ошондой эле Кыргызстандын атын чыгарган, желегин желбиреткен спортчуларды даярдаган кесипкөй мектеп болушун каалады.
Баткенде 100 жаштан ашкан 12 карыяга жардам көрсөтүлдү. Сүрөт