Ноокенде баласын төрөп ажатканага таштап салган аялга сот өкүмү чыкты

Аман калган наристени учурда айыпталуучунун тууганы багып жатканы белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук соту 32 жаштагы С.М. аттуу аялга жаңы төрөлгөн баланын өмүрүнө кол салуу беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу соттун өкүмүндө жазылат.
Документте аялдын ымыркайынан сырткары дагы үч баласы бар экени көрсөтүлгөн.
Тергөөнүн версиясы боюнча, С.М. короодогу ажатканада төрөп, бирок баласынан кутулуу үчүн ичине таштап салган. Ошол эле үйдө жашаган тургун муну байкап, наристени чуңкурдан алып чыгып куткарып калган.
Соттук териштирүү маалында айыпталуучу күнөөсүн жарым-жартылай моюндаган. Ал 12-мартта апасынын үйүнө конокко келип, заара ушатуу үчүн сырттагы ажатканага барганын билдирген. Анан толгоосу бат болуп, баласы чуңкурга кантип түшүп кеткенин түшүнбөй калганын айткан. Аял мындай жоругун “ымыркайдан үн чыкпагандыктан чарчап калган го деп ойлогом” деп тушүндүргөн.
Бирок бир аздан кийин анын эжеси үйгө кирип, ажатканада бөбөк ыйлап жатканын айткан. Өздөрү баланы алып чыга албагандыктан кошуналарын чакырып, куткарууга жетишкен.
Сотто ал наристени учурда айыпталуучунун тууганы багып жатканы белгилүү болду.
Натыйжада судья баланын энесине бир жылдык пробациялык мөөнөткө жаза берген.
Сокулукта үч баласын саткан аял. Иш сотко өттү