БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Газа секторунда туткунда турган эки америкалык аял бошотулду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Катардын ортомчулугу менен энеси жана кызы Израилге кайтарылган, аларда Израилдин жарандыгы болгону белгиленди.
Америкалыктар 7-октябрда ХАМАС Израилдин түштүгүнө чабуул койгон учурда барымтага алынган.
ХАМАС кыймылынын өкүлү Абу Обейда аялдарды гуманитардык жагын кароо менен бошотушканын билдирген.
"Катардын аракеттерине жооп катары биз эки америкалыкты бошоттук. Муну менен АКШ президенти Байдендин жана анын фашисттик администрациясынын айткандары караандай калп экенин Америка элине жана дүйнөгө далилдегибиз келди", — деди ал.
Буга чейин АКШ лидери америкалыктарга кайрылып, штаттар ХАМАС жана Россия менен салгылашып жаткан Израиль менен Украинага жардам берүүгө милдеттүү экенин айткан. Себеби "террорчулар менен зөөкүрлөрдүн жеңишине" жол берилбеши керек деген пикирде.
Байден туткундан чыгарылган аялдар менен сүйлөшкөнүн билдирди. Алардын ден соолугун калыбына келтирүүгө өкмөт кам көрөт.
Америка бийлиги дагы 10 мекендешинин дайыны чыкпай жатканын маалымдады. Кээ бирлери Палестинада туткунда болушу мүмкүн деп болжолдоодо.