Совет өкмөтү учурунда кыргыз адабиятынын гүлдөп өнүккөн, классикага айланган чыгармалары жаралган. Ал эми эгемендүүлүктү жаңы алган жылдары детектив, мелодрама жанрлары көбөйүп, ал тургай бульвар адабиятына кирген интимдик чыгармалар зор суроо-талап менен окулган доорду башыбыздан кечирдик. Мындай пикирин Аскар Медетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эгемендүүлүктүн 30 жыл аралыгында тарыхка басым коюп жазылган чыгармалар көбөйдү.
"СССР тарап, курамындагы ар бир мамлекет өз арабасын тартып калган учурдан тарта адабият дагы жаңы доорду башынан кечирүүдө. Кыргыз адабиятында алгачкы жылдары сөз эркиндиги дегенди ашкере чаап колдонгон чыгармалар, басылмалар да жаралып жатты. Бирок бара-бара окурмандар өздөрү электен өткөрүп, андай бульвар адабияттары популярдуулугун жоготту. Бирок тарыхка кайрылган, тарыхый каармандарды чагылдырган чыгармалар көбөйдү. Албетте, алардын баарын эле профессионал адабиятка кошо бергенге болбойт. Көпчүлүгү санжыра сүрүштүрүп, бир уруунун деңгээлинде же кайсы бир тарыхый каарман тууралуу үстүртөн изилденген чыгармаларды басып чыгарып жатышты. Алардын арасында Тойчубай Субанбековдун "Барсбек кагандын көрөр көзү", "Каратүлөк чоронун эрдиги" деген романдары, Касым Кушубековдун "Улуу тоодо улар үнүн уккан барбы" романы сыяктуу беделдүү чыгармалар да жаралды. Негизи тарыхый жанрды өздөштүрүш оңой эмес. Мисалы, Василий Ян, Исай Калашников аттуу жазуучулар "Чыңгызхан" аталышындагы романдарын ондогон жылдар бою даярданып жүрүп жазышкан. Алардын мындан башка чыгармасы деле жок. Бирок мына ушул романдары менен эле тарыхый чыгарманын үлгүсүн көрсөтө алышкан", — деди Медетов.
Ал профессионал жазуучу болуш үчүн аны кесип катары кабыл алып, баш-оту менен кирүү зарылдыгын кошумчалады.