БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы автобус жууганга адамдарды жумушка чакырат.
"Жумушка 30дан 50 жашка чейинки эркек жана аялдар алынат. Иштөө графиги — бир күн иштеп, эки күн эс алмай", — деп айтылат маалыматта.
Автобус жуугандардын айлыгы 21 миң сомду түзөт.
Бардык суроолор боюнча 0702 315 811 номерине кайрылууга болот.
Калаа мэриясы буга чейин 21ден 60 жашка чейинки айдоочуларды жумушка алып жатканын билдирген.