Баткенде 100 жаштан ашкан 12 карыяга жардам көрсөтүлдү. Сүрөт

Облуста 1-октябрдан тарта улгайган адамдарга кам көрүүнүн бир айлыгы жарыяланган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Баткен облусунда улгайган адамдарга кам көрүүнүн бир айлыгы жарыяланып, карыларга жардам көрсөтүлүп жатканын президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.
120 жаштагы Нурахмедова Айымча апа
Анын алкагында аймакта жашаган 100 жаштан ашкан 12 карыяга резервдик фонддон акчалай жардам көрсөтүлгөн. Жардам алгандардын арасында 120 жаштагы Нурахмедова Айымча апа менен 103 жаштагы Пазылов Мийзам ата да бар.
“Айымча апанын 6 баласы, 48 небереси, 24 чөбөрөсү, 14 кыбырасы, ал эми Мийзам атанын 5 баласы, 100гө жакын небере, чөбөрө жана кыбырасы бар”, — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле бул саамалыктын алкагында Баткен шаарында жашаган 80 жаштан ашкан 150дөн ашуун карыяга жардам көрсөтүлдү.
Муктаж үй-бүлөнүн ишкерлик баштоосуна 200 миң сомдон берүү каралууда